"Кыргызгаздын" жетекчиси: "Кыргызстандын "КазТрансГазга" болгон карызы 26 миллион долларды түзөт"

"Кыргызгаздын" "КазТрансГаз" ишканасына болгон карызы 26 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу "Кыргызгаз" ишканасынын башчысы Тургунбек Кулмурзаев бүгүн, 21-декабрда маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, ишкананын 2004-2005-жылдардагы карызы 13 миллион долларды түзгөн. Учурда карыздын жалпы суммасы 26 миллион долларга чейин жеткенин айтты. "Бардык карыздардын качан, кантип, кайдан чогулганын тактап чыгуу керек. Бул маселени сөзсүз чечебиз" - деди ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан