Кыргызстанда мындан төрт жыл мурда адам укуктары начар абалда болчу, ага салыштырмалуу бүгүнкү күндө жакшы корголот. Бул тууралуу Бишкек шаарында өткөн тегерек столдо акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. “Тынчтык митингдери - сөз эркиндиги, 2012-жылы май айында кабыл алынган мыйзамдын өзгөчөлүгү - мамлекет тынчтык митингин өткөргөн жарандарга шарт түзүп берүүсү керек”,- деди Адилет министрлигинин статс-катчысы Чынара Мамидинова. “Тынчтык митингдерин өткөрүүдөгү эркиндик, укуктун сакталуусу” деген аталыштагы тегерек столго эл аралык уюмдар, ИИМдин өкүлдөрү, Акыйкатчы институту, жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.