7-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +2°C
Талас облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн -5°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +16°C, түнкүсүн +3°C
Баткен облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +3°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -7°C
Нарын облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -20°C
Бишкек шаары. Күндүз +13°C, түнкүсүн -3°C
Эскертүү!
7-мартта абанын температурасынын жогорулагандыгына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол – Эңилчек, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Казарман – Ак-Тал – Чат, Баетов – Ак-Кыя, Арал – Миң-Куш унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.