Жылнаама, 7-март: 88 жыл мурун Лондон менен Нью-Йорк шаарларынын ортосунда радиотелефондук байланыш орнотулган

* 1926-жылы (88 жыл мурун) Лондон менен Нью-Йорк шаарларынын ортосунда радиотелефондук байланыш орнотулган.

* 1959-жылы (55 жыл мурун) италиялык футболчу, учурда Орусиянын “Зенит” футболдук клубунун машыктыруучусу Лучано Спаллетти Италиянын Чертальдо шаарында туулган.  

1988-жылы, 26 жыл мурун түрдүү уруш өнөрлөрү боюнча Дүйнөнүн 10 жолку чемпиону, кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко Бишкек шаарында төрөлгөн. Валентина Шевченконун жетишкендиктери: муай-тай боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, түрдүү уруш өнөрлөрү боюнча Дүйнөнүн 10 жолку чемпиону, айымдар арасында "Дүйнөнүн мыкты тай боксёру" наамынын ээси.

* 2009-жылы (5 жыл мурун) "ОшТВ" телеканалынын журналист-оператору Бахадыр Кенжебаев катуу сабалган. Баш мээси чайкалган жана башка жарааттары менен Кенжебаев Ош шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Аталган телекомпаниянын директору Халилжан Худайбердиевдин айтымында, 7-март күнү кечинде Бахадыр Кенжебаев Ош шаарындагы Зайнабидинов көчөсүндө бараткан жеринен белгисиз бирөөлөр кол салып, катуу сабашкан. Бахадыр Кенжебаевдин өмүрүнө кол салууну телеканалдын эмгек жамааты анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп билдиришкен. "Анткени акыркы мезгилде башкы оператордун коррупция жана башка жаңжалдуу окуялар туурасында чагылдырган тасмалары айрым аткаминерлерди тынч уктатпай жатышы ыктымал" дешкен.

Жылнаама толугу менен бул жакта... 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан