Ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалды

Ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 6-март күнү Жалал-Абад шаарынын Эркиндик көчөсү менен Кооператив көчөсүнүн  кесилишинде 1992-жылы туулган А.Жны токтотуп текшерүүгө алышканда, жанына көтөрүп жүргөн ак түстөгү каптын ичинен 1 даана Калашников автоматы, 14 даана ок табылган.  

Учурда “ок атуучу куралды жана ок дарыларды мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Ал эми кармалган адам Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан