Кечээ, 6-мартта Багдад шаарынын түндүгүндө ресторандын жанында токтоп турган унаалар жардырылып, анын кесепетинен 8 адам набыт болуп, жетөөсү жаракат алышты. Бул тууралуу Ирактын Коопсуздукту сактоо кызматы билдирди.
Эске салсак, мындан мурун Ирактын Бабиль провинциясында да жардыруу орун алып, анын кесепетинен 10 адам каза болгон.
БУУнун маалыматына таянсак, Иракта февраль айынын ичинде эле 703 адам террорчулардын кол салуусунан каза болгон. Ал эми Ирак бийлиги бул көрсөткүчтү 790 деп белгилеген.