Бүгүн, 21-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясы аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жаңы жылдык концерт уюштуруп берди. Иш-чара борбор калаадагы "Сейтек" борборунда өтүп, ага Биринчи Май райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосуна кирген балдар катышты. Балдарды жомоктогу каармандар, Аяз ата менен Аяз кыз куттуктап, белектерди тапшырышты.