Жер тандабай, эр танда! Бүгүн кыргыз киносу “Түндүктүк келин” кинокомедиясы менен толукталды

Кыргыз кино тармагы дагы бир тасма менен толукталды. Дегеним, бүгүн, 7-мартта көрүүчүлөр режиссёр Рысбек Жабировдун дагы бир эмгегине, тагыраак айтканда, “Түндүктүк келин” кинокомедиясынын бет ачарына күбө болушту. Иш-чарага белгилүү кино адистери, коомдук ишмерлер, куудулдар, тасмада роль жараткан актёрлор, алардын жакындары жана журналисттер катышышты. Келген коноктор тасманы көрүп жатып каармандар күлүшсө кошо күлүп, ыйлашса алар менен кошо жашып отурушту.

Тасмада кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү Рахман Разыков, Гүлшайыр Садыбакасова, Гүлжамал Абдыкадырова, Жумабек Абылдаев, Акмаанай Эшбаева, Эмил Токтошев, Талант Апыев, Асел Турдалиева, Сайкал Садыбакасова, Адыл Абдувахидов, Динара Тилекеева жана башкалар роль жаратышкан. Башкы каармандардын ролун жаш актёр Болот Тилек менен жаш актриса Рахат Аксултанова аткарган.

Мазмунуна кыскача токтоло кетсек, аталган тасмада каныбызга сиңип калган түндүк-түштүк маселеси көтөрүлөт. Рахат аттуу бийкеч апасынын каршы болгонуна карабай оштук Болот аттуу жигитке турмушка чыгат. Түштүктүн салтына, анча-мынча сөздөрүнө түшүнбөгөн келин жаңы барганда бир топ кыйналат. Жолдо бара жатып жолдошунан “Барганда эмне кылышым керек?” деп сураганда, анысы “үйдү 3 жолу айланып чуркап, андан соң босогону аттайсың” деп тамашалайт. Аны түз кабыл алган Рахат үйдү айланып чуркап, элдин баарын таң калтырат. Үч күндөн соң жолдошу "Бизде жаңы келген келин саат 3тө туруп, эшиктин алдын ырдап алып шыпырат. Халат, кепич кийип албай, жакшынакай кийинип ал. Кошуналар Рахмандын келининин түзүгүрөөк кийими жок экен деп сөз кылышат" десе, келин таң атпай ырдап, сыртта уктап жаткан кайната-кайненесин чочутат. Тасма келиндин күлкүлүү, кызыктуу, аянычтуу окуяларга кабылышы менен өнүгүп отурат.

Тасманын аягында эки жаш Бишкекти көздөй жол тартышат. Бирок айылдан чыга берерде келин "бул жактан кетким келбей жатат, артка кайталы" деп, кайнежесинин "айтпадым беле, түндүктөн келин алсаңар уулуңарды баары бир алып кетет" деген сөзүн жокко чыгарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuba_87
2014-03-07 17:33:24
Жакшы кино окшойт коруш керек экен.
0
aziko88
2014-03-07 17:46:40
Два коруш керек качан чыгат интернетке
0
altynbek-
2014-03-07 18:26:02
Жакшы болгондойгу коруш керек
0
admin_superstan
2014-03-07 23:57:50
altynbek- - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
kama_future_millioner
2014-03-08 17:28:07
Азаматсынар ийгилик дагыда жакшы кино жарата бергиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан