8-мартта жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн +3°C
Талас облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн +2°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +12°C, түнкүсүн +4°C
Баткен облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн +3°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -7°C
Нарын облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -16°C
Бишкек шаары. Күндүз +9°C, түнкүсүн +3°C
Эскертүү!
8-9-мартта жана 10-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 8-9-мартта өрөөндөрдө жамгыр жаап, карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат, жолдордун тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Мындай аба ырайы түштүк райондорунун дыйкандары үчүн талаа жумуштарында тоскоолдук жаратып, кыштоолордо малды кармоону кыйындатат, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 2014-жылдын 7-мартынан 11-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.