Кантта жашы жете элек эки жигит каракчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18 жаштагы жабыр тарткан адам укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Арызда ага көчөдөн бейтааныш адамдар кол салып, ур-токмокко алып, уюлдук телефонун жана акчасын алып кеткендиги жазылган.
Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 16 жаштагы 2 жергиликтүү тургун кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.