Бүгүн, 7-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Ырдайлы, достор, ырдайлы” деген аталышта 8-Март майрамына карата концерт өтүп жатат.
Анын алкагында аялзатына арналган ырлар жаңырууда. Концертти Айчүрөк Иманалиева ачты. Андан соң Асел Турдалиева, Азамат Сарыбаев сыяктуу ырчылар обон созушту. Алып баруучулук милдетти КРнын Эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиев жана телеалпаруучу Саната Жумакадырова аркалоодо.