Бүгүн, 7-мартта Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы облустук филармонияда 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган концерт өтүп жатат. Концертке ырчылар
Ильяз Абдыразаков,
Лутфилла Бусурманкул уулу,
Өсөр Эшматов,
Сайкал Садыбакасова,
Жоодарбешим,
Айгерим Расул кызы,
Жумагүл Раимжан кызы,
Чыңгыз Кудайбердиев,
Данияр Эрматов жана башкалар катышууда.
Концерт белгиленген убакыттан бир саат кеч башталды. Ал эми келген көрүүчүлөр залдын 100 пайызын түзүштү.