“Ырдайлы, достор, ырдайлы” аттуу концертте Юлия Руцкаянын кичинекей күйөрманы сахнада бийледи

Бүгүн, 7-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан “Ырдайлы, достор, ырдайлы” аттуу концерт кызып барат. Ырчылар кезек-кезеги менен элге эски ырларды арнап жатышат.

Кызыгы, концертте эң кары жана эң жаш күйөрмандар өздөрүн көрсөтүүгө үлгүрүштү. Ырчы Юлия Руцкая сахнада “Аппак сүйүү” ырын аткарып жаткан маалда кичинекей күйөрманы сахнага чыгып, ырга бийлеп жиберди.

Ал эми Гүлмайрам Момушева “Кайдасың?” аттуу ыры менен эл алдына чыкканда көпчүлүк аны кол чабуулар менен тосуп алды. Ырын аяктаган соң 80 жаштагы эне чыгып, гүл тартуу кылды. Бул көрүнүштөрдү эл жылмайып, кол чабуу менен кабыл алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан