Ретро ырлар менен коштолгон “Ырдайлы, достор, ырдайлы” аттуу концерт жыйынтыкталды

Ретро ырлар менен коштолгон “Ырдайлы, достор, ырдайлы” аттуу концерт жогорку деңгээлде өтүп, элге жылуу маанай тартуулоо менен жыйынтыкталды.

Концерттин жүрүшүндө ретро ырлар ырдалып, сахна ээлери дээрлик улуу муундун өкүлдөрү болду. Кыргыз журтчулугуна кенен таанылып, “18 жашты” созолонто ырдаган Зейнеп Шаакеева менен “Кайдасың?” аттуу ырды аткарган Гүлмайрам Момушеваны эл кол чаап, көпкө кетирбей турду. Муну бир жагынан эл нукура кыргыз жыттанган ырларга суусап турганына жорусак, бир жагынан залкар инсандарды эл сахнадан көрүүгө али да куштар экенин баамдадык. Балким, ушул кечте бул ырчылар бир кездеги жаштыгын эстеп, элге көрсөтпөй кубанычтан аккан көз жаштарын сүртүп алышкандыр...    

Концертти уюштурган Айчүрөк Иманалиева: “Жыл сайын 8-Мартка туштап, “Жылдыздар парады” деген аталышта өткөрчүмүн. Бул жолу атын өзгөртүп, “Ырдайлы, достор, ырдайлы” деп атаганбыз. Мен Зейнеп Шаакеева, Гүлмайрам Момушеванын ырлары менен чоңойгом. Бул жолку концертте ретро ырларга басым жасалганы да ошол себептүү”,- дейт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан