Дастан Сарыгулов: "21-декабрда акыр заман болот" деген чоң жаңылыштык. Бирок 40 күндүн ичинде ар кандай кубулуштар болушу мүмкүн"

Табият кубулуштарына байкоо жүргүзүп, ошого жараша жылдын 4 мезгилине божомол айткан Дастан Сарыгулов акыр заман тууралуу айтылып жаткан сөздөргө төмөндөгүдөй комментарий берди. "21-декабрда акыр заман болот" деп эл катуу адашып жатат. Астрономия илими боюнча 26 миң жылда бир жолу Күн системи биздин галактиканын магниттик экваторун кесип өтөт. Бул окуя бир эле күндө болуп бүтүп калбайт. Галактиканын магниттик экватору өтө чоң аймакты камтыгандыктан, Күн системи бул аралыкты 40 же 45 күндө кесип өтөт. Бул процесс 2012-жылдын аягында башталып, 2013-жылдын башында аяктайт. Демек, "40 күндүн ичинде табиятта ар кандай кубулуштар болуп кетиши мүмкүн" деп окумуштуулар айтып жатышат" дейт Дастан Сарыгулов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан