8-март түнү саат 00:20да Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жол кырсыгы катталып, анда 2 киши жабыр тартты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Токтогул-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган жол кырсыгында Opel жана Subaru унаалары кагышкан. Жыйынтыгында эки киши оор жаракат алды.