9-мартта кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -5°C
Талас облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -12°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +5°C, түнкүсүн -5°C
Баткен облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -6°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -9°C
Нарын облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -15°C
Бишкек шаары. Күндүз -3°C, түнкүсүн -8°C
Эскертүү!
9-мартта кар мезгил-мезгили менен, айрым жерлерде катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат, жолдордун тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Мындай аба ырайы түштүк райондорунун дыйкандары үчүн талаа жумуштарында тоскоолдук жаратып, кыштоолордо мал кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 2014-жылдын 8-мартынан 11-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.