Жылнаама, 9-март: 5 жыл мурун Аликбек Жекшенкуловго “тапанчасы менен түркиялык ишкер өлтүрүлгөн” деген айып тагылып, камакка алынган

* 192 жыл мурун, 1822-жылы америкалык Чарльз Грэм жасалма тишке патент алган.

* 96 жыл мурун, тактап айтканда, 1918-жылы Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийинки туңгуч гезит “Пишпекский листок” жарык көргөн. Ал Пишпек уезддик эл депутаттар кеңешинин органы катары жарыяланып турган.

1934-жылы, 80 жыл мурун туңгуч космонавт Юрий Гагарин туулган. Ал Смоленск облусунун Гжатск районундагы Клушино деген айылда туулган. 1951-жылы Люберцы шаарында кесипчилик окуу жайын, 1955-жылы Саратов курулуш техникумун жана ошол эле шаардагы аэроклубдун курсун бүткөндөн кийин Чкалов атындагы Аскер-авиациялык окуу жайынан (1955-1957-ж.ж.) окуган. Кийин Кызыл Туулуу Түндүк флотунун авиациялык бөлүктөрүндө кызмат кылган. Тайманбас, таланттуу учкуч катары 1960-жылы космонавттар отрядына кабыл алынат. Юрий Гагарин 1961-жылы космодромго келип, ракетаны ааламга алып чыгуучу жабдуулар жана "Восток" космос корабли жасалган заводунда, космодромдо толук сыноодон өтөт. Башкы конструктор С.П.Королёв учууну 12-апрелге (Москва убактысы боюнча 9 саат 7 мүнөттө) бекитүү жөнүндө мамлекеттик комиссиядан өтүнгөн. Комиссия "Восток" космос кораблинде биринчи болуп ага лейтенант Юрий Гагарин уча турганын жарыялаган. Ошентип, ал күнү Юрий Гагарин космоско учуп, туңгуч космонавт катары адамзат тарыхында калган.

Мындан 49 жыл мурун, 1965-жылы "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров төрөлгөн. Ал Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. Орусиядагы Тверь мамлекеттик университетинин мамлекеттин тарыхы факультетин жана КУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн. Адахан Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 4 жолку чакырылышынын депутаты. Ал 2005-2006-жылдары КРнын Вице-премьер-министри, 2006-2007-жылдары КРнын Мамлекеттик катчысы, 2007-2008-жылдары ЖКнын төрагасы, 2008-2009-жылдары КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп эмгектенген.

1976-жылы, мындан туура 38 жыл мурун ырчы Тынай Алыбаев төрөлгөн. Кезинде "Сары-Ой", "Туулган күнүң менен, периштем!", "Арманым" деген ырлары менен популярдуу болгон "Инсан" тобунун солисти, кийин жеке ырчы катары белгилүү болгон Тынай Алыбаев Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылында туулган. Апасы мугалим, атасы зоотехник болгон. Ырчы 6 жашында гитарада ойногонду үйрөнгөн. 9-классты бүтүп, шаардагы училищелердин биринде ашпозчулукка окуган. Училищени аяктагандан кийин музыкалык билим алыш үчүн Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырган. Ал жактан "Таазим" тобуна кирип, 1994-жылы Чубак Сатаевди эскерүү кечесинде сахнага чыккан. 1995-жылы топтун түзүүчүсү Марат Алыбаев каза болуп, топ жоюлуп кеткен. "Таазимден" кийин бир топ жыл өзүнчө ырдап жүрүп, 1998-жылы Эркин Мээрканов менен жолугуп, ал "Инсан" тобуна келүүсүн сунуштаган. "Инсан" тобу 1990-жылы түзүлүп, баштапкы курамында Эркин Мээрканов, Эмил Турусов, Аян Мамбеталиев, Нурлан Бейшекеев деген музыканттар болгон. Көп өтпөй топко кошулуп, бир нече хит ырларды аткарганга үлгүрүшкөн. 2000-жылдардан кийин "Инсан" тобу чыгармачылыкта бир топ жыл тыныгуу жасап, кийин Тынай Алыбаев жеке ырчы катары эл алдына чыга баштаган.

* 2009-жылы, 5 жыл мурун Аликбек Жекшенкуловго “тапанчасы менен түркиялык ишкер өлтүрүлгөн” деген айып тагылып, камакка алынган.

Жылнаама толугу менен бул жерде... 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан