Түштүк Йемендин жээктеринде кеме кыйрап, 42 адам каза тапты. Бул тууралуу 10-мартта Йемен мамлекетинин Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 9-март күнү кечинде катталган. Набыт болгондор Африкадан Йеменге иштөө үчүн келе жаткан мигранттар экени аныкталды. Жээк күзөтү кызматынын өкүлдөрү 30га жакын адамды куткарууга жетишишкен. Алар Майфаа шаарындагы качкындардын лагерине жөнөтүлдү.
2012-жылы Африкадан келген 84 миңге чукул мигрант Йеменге мыйзамсыз кирген. Ошондой эле Эфиопия менен Сомалиден Сауд Арабияга бара жаткан мигранттар Йемен аркылуу өтөрү белгилүү болгон. Ал эми 2013-жылы Сауд Арабия мыйзамсыз мигранттар үчүн мунапыс киргизип, иштөө үчүн расмий түрдө уруксат алууну сунуштаган.