Малайзия: 8-мартта Пекинди көздөй учкан учак 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголду

8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн.

Малайзиянын транспорт министри Хисамуддин Хуссейндин маалыматы боюнча, учурда издөө иштерине ар кайсы өлкөлөрдөн 40 кеме жана 34 учак тартылган. Мындан сырткары министр дайынсыз жоголгон учакка эки жүргүнчү уурдалган европалык паспорт менен отурушканы маалым болгонун кабарлады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rahat.87
2014-03-10 11:27:19
кудай сактасын кырсыктан.аман эсен табылып калсын эми
+1
jan...96
2014-03-10 13:00:38
Ал табылды окшойт. Чачыраган обломкалары.
0
aitowa11
2014-03-10 13:04:36
Тооба кылдым, кудай озу сактасын
0
sanzhar
2014-03-23 11:10:13
биздин жарандар жок беле?супер_инфо маалымат барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан