Бишкекте жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 9-мартта саат 02:20 чамасында 26 жаштагы Уландын башкаруусундагы Тойота унаасы менен 23 жаштагы Өмүрбектин башкаруусундагы Хонда Одиссей унаасы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Тойотанын 24 жаштагы жүргүнчүсү Айзада жана Хонданын жүргүнчүсү Бактыгүл жабыркап, ооруканага кайрылышкан.
Айта кетсек, жол кырсыгы Тынчтык проспекти менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөгө жетпей катталган. Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, унаалар айып жайга токтотулду.