Бишкек шаарында унаа уурдоо фактысына шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, саат 04:30 чамасында Раззаков-Токтогул көчөсүндөгү “Карета” унаа жуучу жайынан белгисиз адамдар Мерседес-Бенц унаасын айдап качып кетишкен.
Бул факты боюнча ыкчам аракеттердин натыйжасында изи сууй электе Бишкек шаарынын тургундары Р.Евгений жана Г.Анжелика колго түшүрүлдү. Учурда тергөө башталды.