Баңгизатын сатууга шектелип Эне-Сай жаңы конушунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, 40 жаштагы Алмаз аттуу жарандын унаасы текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында унаанын ичинен 377,5 грамм салмагындагы маңзат табылган.
Кармалган адамдын айтымында, Эне-Сай жаңы конушунун 10-көчөсүндө кардарын күтүп жаткан. Ошондой эле анын маңзатын чегип алганы аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Алмаздын жанынан кызматтык күбөлүгү да алынган. Анда “Тагдыр.kg” гезитинин редакторунун орун басары экени жазылган. Аталган гезиттин биринчи саны 2014-жылдын 1-майында жарыкка чыкмак.
Учурда “баңгизатын мыйзамсыз ташуу, сактоо, айлантуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.