Малайзия. Жоголгон учактагы жүргүнчүнүн телефонуна коңгуроо кетүүдө

Бүгүн, 10-мартта Вьетнамдын Жарандык авиация башкармалыгы "Тхо-Чу аралынан учактын калдыктары табылды, алар дайынсыз жоголгон малайзиялык учактыкы болушу мүмкүн деген кабар тараткан. Объектти изилдөөгө алган АКШнын коргоо кызматкерлери табылган калдыктар жоголгон учакка тиешелүү эместигин айтып чыгышканын РИА "Новости" маалымат булагы жазып чыкты. Бул аралыкта Пекин телеканалынан бир жигиттин борттогу агасына телефон чалганы, жигиттин коңгуроосу кетип, бирок эч кандай жооп болбогондугу тууралуу ролик көрсөтүлгөн. Айрым жүргүнчүлөрдүн телефонуна чалганда, "абоненттин телефону өчүрүлгөн же жеткиликтүү эмес" деген маалымат келип жатканы айтылууда. Мындан улам жүргүнчүлөрдүн туугандары "Malaysian Airlines" компаниясына спутник техникасы аркылуу издөөнү табышташты.   
Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөндө аны менен болгон байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы жана артты карай, батышка бурулганы көрүнгөн. Малайзиянын транспорт министри Хисамуддин Хуссейндин маалыматы боюнча, учурда издөө иштерине ар кайсы өлкөлөрдөн 40 кеме жана 34 учак тартылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Lucky.Star
2014-03-10 14:03:40
Кудай сактаа! 239 адам....
+1
Aipri
2014-03-10 14:14:11
Ото эле окунучтуу 239 адам.
+1
Dasmond
2014-03-10 15:08:24
Колго тyшуп кеткенби деп ойлоп жатам,
табылган табылбаганын да жазып чыгышса
0
tynara81
2014-03-10 15:11:56
Телефондор өчүрүлөт го самалет көтөрүлөөрдөн мурун, анан кантип гудок кетиши мүмкүн..
-1
aitowa11
2014-03-10 16:49:07
tynara81, баары эле очурбойт. Очурумуш болуп коюшатта
+1
Bella-life
2014-03-10 15:25:32
Вьетнамда уурдалган паспорт м.н башка 4 адам регист.отконун жана аларды террорист болушу деп жатышатко
+2
Made_in_Mama
2014-03-11 09:47:42
Bella-life, мен да ошондой ойлойм. Себеби самолеттун абалы жакшы экен эле. Эч бир себепсиз аварияга учурабайт да. Террорист болушу мумкун деген версия бар.
0
u5er
2014-03-10 18:54:07
каякка конду, кечке эле учуп жүрө бербейт да, майы түгөнөт
-1
mers19
2014-03-10 18:56:32
каяктан чакыруу келип атканын Кыргыз милициялары деле билип койчу эле го. роумингди билбей атышыптырбы
-2
Mr.enriiko
2014-03-10 19:20:51
Бермудские треугольник дагы бироо пайда болгонго Азиятский квадрат деп койсок болотко.
+2
Kg_team
2014-03-11 01:04:35
Куудай сакта мындай нерсе кинодон кана корчу элек!
+1
Made_in_Mama
2014-03-11 09:49:39
Kg_team, кудайдын кудурети. Аллах кааласа жоктон бар кылуучу, бардан жок кылуучу зат. Кудайдан улуу суйлобош керек адамдар...
+1
elizaveta
2014-03-11 08:05:55
Алла сактап аман болушсакен еми
+1
Mendereska
2014-03-11 11:36:34
Okynychtyy(( kaida jogolup ketishti eken......
0
azat_sokrat
2014-03-11 18:19:07
ичинде терористер болушу тоолук мумкун!же ошол еле терористер захват кылып башка чет мамлекетке алып отуп кетти!
+1
Barpy11
2014-03-24 21:58:36
azat_sokrat, эн туура айтасын мен да ушуну ойлогом
0
Aikyn93
2014-04-17 21:09:56
azat_sokrat, bawka mamleketke otpoi ele turat bilbei turup syiloi beresinbi
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан