Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусунда кайрымдуулук концерти өтөт

14-март күнү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусунда “Үмүттүн керемети” аттуу кайрымдуулук концерти өтөт. Бул тууралуу “Бакыт нуру” коомдук фондунун өкүлдөрү билдиришти. 

Иш-чаранын максаты - коомдун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга болгон көз карашын өзгөртүү. Концертте балдар өздөрүнө таандык ырларды аткарып, бийлешет. 

Мындан сырткары кыргыз эстрадасынын жылдыздары сахнада өнөрлөрүн тартуулашат. Иш-чарадан чогултулган каражат балдардын дарылануусуна сарпталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан