Бүгүн, 10-мартта Бишкек ШИИББи "Ош базарындагы" алтын саткан дүкөнчөнүн сатуучусун тоноп кеткендиги тууралуу маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, дем алыш күнү саат 18:00 чамасында базардагы алтын саткан дүкөнчөгө кирген 30-35 жаштардагы мырза күч колдонуп сатуучунун 4 миң сомун алып, из жашырган.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе жогорудагы кылмышка шектелген адам кармалды. Учурда ал убактылуу камоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.