Төрага Асылбек Жээнбеков БУУнун туруктуу координатору Александр Аванесов менен жолугушту

Бүгүн, 21-декабрда парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Александр Аванесов менен жолукту. Жолугушууда тараптар кызматташтык мамилелердин келечегин талкуулашты. Асылбек Жээнбеков жакын арада ЖКдагы 2016-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын долбоору парламенттин кароосуна киргизиле турганын билдирди. "Бул концептуалдуу документте парламентти өнүктүрүү көз карашы, так кадамдар, Кыргызстанда парламентаризмди бекемдөөнүн зарыл аракеттеринин этаптары чагылдырылган" деди ал. Ошондой эле төрага стратегиянын парламенттин ишинин натыйжалуулугун арттырууга мүмкүнчүлүк бере турган негизги учурларына да токтолду. Ал эми Александр Аванесов БУУ мамлекетти, анын ичинде Жогорку Кеңешти өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор менен реформаларды колдой тургандыгын билдирди. "Парламент менен иштешүү жакынкы жылдардагы артыкчылыктуу багыт болуп саналат",- деди ал. Анын айтымында, Кыргызстан БУУнун Тынчтык курулушу фондунун 2013-жылы артыкчылык бериле турган өлкөлөрдүн катарына киргизилди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан