11-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -11°C
Талас облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -12°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +7°C, түнкүсүн -8°C
Баткен облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -10°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -11°C
Нарын облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -17°C
Бишкек шаары. Күндүз +6°C, түнкүсүн -9°C
Эскертүү!
2014-жылдын 10-мартынан 11-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100- чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.