Ысык-Көлдө башка бирөөнүн унаасын уурдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Укук коргоо кызматкерлерине Тору-Айгыр айылынын тургун Ауди-100 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөө уурдап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Жыйынтыгында Ысык-Көл райондук ИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардан соң аталган кылмышка шектүү делип Б.У. жана С.О. кармалды. Унаа ээсине кайтарылып берилип, учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.