13-мартта Москвадагы Кино үйүндө “жолдош Суховду” акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

13-мартта Москвадагы Кино үйүндө «Белое солнце пустыни» тасмасынан кийин “жолдош Сухов” деген ысым менен белгилүү болгон Анатолий Кузнецовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу Орусиянын Кинематографисттер союзунан маалымдашты. Актёрдун сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлары белгилүү болду.

2014-жылдын 7-мартында узакка созулган оорусунан улам Анатолий Борисович Кузнецов көз жумган. 83 жашында дүйнө салган актёр өмүрүндө 100дөн ашуун тасмада роль жараткан. Анын «Битва за Москву», «Участок», «На углу, у патриарших», «Мосгаз», «Турецкий Гамбит», «Горячий снег» аттуу тасмалардагы образдары артисттин профессионалдуулугуна далил боло алат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ai_temir
2014-03-11 11:23:07
Гүлчетай, Зулфия дегендери эсимде. Арты кайрылуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан