Бишкекте Ала-Арча суусун өз нугунан чыгарган музду тазалоо иштери күнү-түнү уланууда

Бишкектеги Ала-Арча дарыясынын Рыскулов көчөсүндөгү көпүрөдөгү музду тазалоого 20-декабрь күнү КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков жетектеген ыкчам топ ишти улантууда. Бул ишке ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынан түзүлгөн ыкчам топ жана ӨКМнын куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 20 куткаруучу, ӨКМнын Бишкек шаарындагы куткаруу кызматынан 10 куткаруучу , 7 жүк ташуучу унаа, 3 экскаватор, 4 УАЗ унаасы, Коргоо министрлигинен 50 курсант, Жарандык коргонуу кызматтарынан 180 адам жана 14 техника  тартылып, иш күнү-түнү улантылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан