Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 11-мартта саат 06:53 чамасында болгон. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа менен Ниссан-Скайлайн унаасы кагышкан. Анын кесепетинен 4 адам денесинен ар кандай жарааттарды алышты. Кырсык болгон жерге ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, жабыркагандарды унаанын ичинен чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.