Жогорку Кеңеште КТРКнын "Аалам сырлары" көрсөтүүсүнө тыюу салуу тууралуу маселе каралган жок

Бүгүн, 21-декабрда "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында КТРКдагы "Аалам сырлары" көрсөтүүсүнө тыюу салуу тууралуу маселе каралмак. Бирок жыйын жүрүшүндө бул демилге талкууланбаганы белгилүү болду. Депутат Дастан Бекешев "Бул көрсөтүү аяганы чыккан. Андыктан азыр актуалдуу тема эмес, ошого байланыштуу бул маселени кароодон алып койдук" деп түшүндүрдү. Ал эми аталган көрсөтүүгө тыюу салуу демилгесинин автору депутат Турсунбай Бакир уулу ден соолугуна байланыштуу бүгүн жумушка чыкпаганын айтып, бул маселе каралбай калганын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан