Ырчы Айгерим Расул кызы 8-Мартта 777 даана розадан турган гүлдестеге ээ болуп, өзгөчө толкундоолор менен жүргөн чагы. Ырчы бул тууралуу: "Майрамдык концертке катышкам. Сахнада ырдап жатканымда күтүүсүздөн үстүмдөн роза гүлүнүн желекчелери жаап кирсе болобу?! Мындайды күткөн эмес элем, бир башкача сезимде болдум. Ырдап бүткөн соң залда отурган жакын адамым 777 даана розадан турган гүлдесте белек кылды. Албетте, бул мен үчүн күтүүсүз белек болду",- деп билдирди.