Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн 2013-жылдын бюджетинин экинчи жарым жылдыгынан тарта 39 миллион сом каралды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Каржы министри Ольга Лаврова бюджет жана каржы комитетинин жыйынында билдирди. Башкы прокуратурадан маалым болгондой, Башкы прокуратуранын республикалык деңгээлдеги кызматкерлеринин орточо айлык акысы 12 миң сом болсо, төмөнкү топтогу райондук деңгээлдеги кызматкерлеринин айлыгы 5-6 миң сомду түзөт.