Ошто 6 миңден ашык жасалма акциздик маркалар чапталган алкоголь өндүрүмү алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызмат тарабынан жүргүзүлгөн рейддин негизинде "Сманов Алко" ЖЧКсынын Оштогу филиалынын имаратынан 6 миң 204 бөтөлкө жасалма акциздик маркалар чапталган алкоголь ичимдиктери алынган. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.