Москвада өткөн бий спорту боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчулар 3 алтын медаль утушту

9-мартта Москвада бий спорту боюнча жыйынтыкталган “Динамонун Гран-Приси-2014” мелдешинде кыргызстандык спортчулар 3 алтын медаль утуп алышты. Бул тууралуу КРнын Бий спорту федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 16-ирет уюшулуп жаткан мелдешке Италия, Норвегия, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиядан 1870 жуптук катышып, жалпысынан 30 комплект медаль үчүн таймаш өткөрүштү.

Кыргызстандык жуптук Говард Чолпонбаев менен Азиза Жолдошева “Жаштар-1” категориясында 27 жуптуктун ичинен 1-орунду ээлешти. Ал эми Алишер Сейдалиев менен Аделя Жээренчиева жуптугу “Жаштар-2” категориясында 40 жуптуктун ичинен алтынга арзышты. Кыргызстандын эсебине 3-алтынды “Өспүрүмдөр-2” категориясында Алибек Чолпонбаев менен Алина Иванова алып келишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kara_kyrgyz
2014-03-11 14:54:07
азаматсынар !!!
+2
atiram
2014-03-11 15:44:23
азаматсынар! Жарайсынар! Силердей жаштар көбөйө берсин!
+2
primus
2014-03-11 15:49:34
Кыргызымдын желеги ар дайым которуло берсин!азаматсынар!
+2
tynara1983
2014-03-11 16:02:14
Азаматсынар, кудайым колдосун силерди, ар дайым кыргызстандын желегин желбиретип журо бергиле.
+3
abdi91
2014-03-12 01:31:58
моладцы жарайсынар
0
shiroker
2014-03-16 18:33:53
oa oshondoi Altyn medaldar olkobuzgo kele bersin....super
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан