Комузчу Нурак Абдрахманов 22-декабрда "Бул дүйнө" аттуу концерт берет
Эртең, 22-декабрда КРнын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү комузчу Нурак Абдрахманов Бишкек шаарында "Бул дүйнө" аттуу концерт берет. Чыгармачылык кече Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. Концертке комузчулар, манасчылар, аткаруучулар жана бийчилер да катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы. Кошумчалай кетсек, концерт филармониянын чоң залында өтөт. Башталышы 17:00дө.