“Супер-Инфо” гезитинин версиясы боюнча “Жылдын супер ыры-2013” наамынын ээси Гүлжигит Сатыбеков апрелде Бишкекте жеке концертин берет. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта ырчынын менеджери Астра Исмаилова SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, ырчынын 2014-жылдагы биринчи концерти көпчүлүктүн суроосу боюнча жаз майрамдарына карата уюшулуп жатат жана “Эми мага баары бир” деген аталышта өтмөкчү.