"Ак-Шыйрак" чек ара заставасынын аймагында өлтүрүлгөндөр экстремисттик топтун мүчөлөрү экени аныкталды. Муну Кытай тарап тастыктады. Бул тууралуу Чек ара кызматы бүгүн, 11-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөр түрмөдөн качып чыгышкан. Башында 13 адам болгон. Алардын экөө ошол жакта кала беришкен.
Эске сала кетсек, 23-январда Ысык-Көл облусундагы "Ак-Шыйрак" чек ара заставасынын аймагында пайда болгон белгисиз 11 адам бир токойчуну өлтүрүп, чек арачыларга куралдуу каршылык көрсөтүшкөн. Мындан улам алардын баары чек арачылар тарабынан жок кылынган.