Чүй облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн -5°C
Талас облусу. Күндүз +14°C, түнкүсүн -8°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +15°C, түнкүсүн -5°C
Баткен облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн -6°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -9°C
Нарын облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -19°C
Бишкек шаары. Күндүз +15°C, түнкүсүн -3°C
Эскертүү!
2014-жылдын 10-13-март күндөрү аба температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100- чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. Ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына жана кардын тез эришине байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн. Арык системин тазалоону сунуштайбыз.