
* Мындан 57 жыл мурун, 1957-жылдын 12-мартында мамлекеттик жана саясий ишмер, Бишкек шаарынын экс-мэри
Иса Өмүркулов Аламүдүн районунун Горная Маевка айылында туулган. Улуту - кыргыз. Жогорку билимдүү, 1980-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн.
Эмгек жолун 1976-жылы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Илимдер академиясынын тоо кендери боюнча физика жана механика лаборанты болуп баштаган Иса Өмүркулов бир катар жетекчилик кызматтарды аркалаган.
1991-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Вице-президентинин, биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы, 1994-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы транспорт инспектору, 1998-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Темир жол башкармалыгынын башчысы, 1995-2007-жылдары ЖКнын I, II, III чакырылыштарынын депутаты болгон.
2010-жылдын апрелинен 2011-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу, 2011-жылдын 4-февралынан тартып Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган. 2013-жылдын 2-декабрында Башкы прокуратура тарабынан Иса Өмүркуловго кылмыш иши козголуп, ошол эле жылдын 4-декабрында мэрликтен кеткен.

* Мындан 55 жыл мурун ЖКнын депутаты
Акуналы Досалиев Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1984-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту автомобиль жолдорун куруу адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1976-жылы Фрунзе шаарындагы СМУ-4тө куруучулуктан баштаган.
2010-жылдын октябрында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. Акуналы Досалиев мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

*
2011-жылы 12-мартта Япониядагы чоң зилзаланын кесепетинен улам кыргызстандыктарды мекенине эвакуациялоо иш-чаралары башталган.
18-мартта түнкү саат 12ге чукул Кыргызстандын учагы зилзаладан жана топон суудан жабыркаган Японияда окуп жана иштеп жүргөн 90 жараныбызды алып келген. Ага чейин, тагыраак айтканда, 15-мартта да Казакстандын учагы аркылуу Япониядан 21 кыргыз атуулу кайткан.