ӨКМ жетекчиси: "Акыр заман болот" деген жалган, 21-декабрда күн мурдагыдан да жылуу болуп, эч кандай кырсык болгон жок"

Дүйнөлүк коомчулукту дүрбөлөң түшүргөн "21-декабрда акыр заман болот" деген сөздөр боюнча КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн, 21-декабрда өз пикирин билдирди. "Биздин министрлик эч кандай акыр заман болбой турганын айтып, теле-радиолор аркылуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте элге маалымат таратканбыз. Илимий көз караштан алып караганда да, диний көз караштан алып караганда да акыр заман качан болору жөнүндө эч жерде датасы же жылы көрсөтүлгөн так маалыматтар жок. Республиканын аймагында баарыбыз күбө болгондой, аба ырайы да мурунку күндөгүлөрдөн жылуу болуп, эч кандай чоң кырсыктар катталган жок. Бул жөн гана бирөөлөрдүн калкты дүрбөлөңгө салуу максаты экендиги көрүнүп турат. Дин ишмерлери "кыямат күнгө мусулман адам дайыма даяр болушу керек" деп айтышат. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктардан сактанууга жана кырсык учурунда жарандардын өзүн алып жүрүүсүн элге үйрөтөбүз. Андыктан жарандар кырсык болгон учурда эч качан дүрбөлөңгө түшпөшү керек. Жалпы элибизди келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Жаңы жылыбыз баарыбызга жакшылыктардын, ийгиликтердин, жетишкендиктердин жана бакубат жашоонун, мамлекетибиздин гүлдөп-өсүүсүнүн жылы болсун!"- дейт Кубатбек Боронов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан