Маалыматка ылайык, түнкүсүн белгисиз бирөөлөр Эмгек көчөсүндө токтоп турган унаанын терезесин сындырып, автомагнитофонун, запастагы дөңгөлөгүн жана дөңгөлөк желдеткичин уурдап, жабырлануучуга жалпысынан 5 миң сомдук зыян келтиришкен.
Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип Киров айылынын 22 жаштагы тургундары кармалып, буюмдар ээсине кайтарылып берилген. Учурда шектелгендерге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.