Бишкекте Өзбекстандын жараны уурулукка шектелип кармалды

Бишкекте уурулук фактысы боюнча Ташкент шаарынын жашоочусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө Бишкектин 49 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал  дем алыш күнү үйүнө бейтааныш адамдар уурулукка кирип, акчасын жана зер буюмдарын алып кетишкенин маалымдаган. 

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 24 жаштагы Ташкент шаарынын тургуну кармалган. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, шектелген адамдын дагы бир нече уурулук фактысына катыштыгы бар экендиги аныкталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sher89
2014-03-12 11:15:30
Камагыла
0
abdi91
2014-03-13 01:40:40
камабайтко биздин метовчиктер пулга алданатда конечна
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан