Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылындагы өрттөнүп кеткен №2-мектептин окуучулары эми Аксакалдар үйүндө окушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Ошондой эле министрлик аталган мектеп күндүн сууктугуна байланыштуу 17-декабрдан баштап эс алууга чыгышканын билдирди. Эске салсак, №2-мектеп 15-декабрь күнү мештерди эксплуатациялоодо өрт коопсуздугун сактабагандыгы үчүн күйүп кеткен.