Депутаттар КамчыбекТашиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши 24-декабрда сотко жөнөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган депутаттарга карата козголгон кылмыш иши боюнча материалдар менен таанышуу процесси аяктап калды. Аталган 3 депутат учурда УКМКнын СИЗОсунда отурушат.