Улуу Британиядагы кыргыз элчилигинин демилгеси жана чакыруусу менен кыргыздын белгилүү заманбап бийчиси Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" бий тобу Англиянын бир катар шаарларында өз өнөрлөрүн тартуулашууда. Бул тууралуу бийчи өздүк баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, алардын Лондондогу алгачкы концерти 9-мартта Британиянын телеберүү жана радиоуктуруу корпорациясы тарабынан жаздырылып алынды. Эми кыргыз бийчилеринин өнөрү телеканалдын дүйнөдөгү 200 миллион аудиториясына көрсөтүлмөкчү.
"Чехия жана Словакия таланттары" сынагынын 2011-жылкы баш байгесинин жеңүүчүсү жана Кытайдын "Элдик Оскар" сыйлыгынын лауреаты Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" бий тобу 13-мартта Кембрижде Нооруз майрамынын урматына уюштурулган салтанатта да өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы.