Баткен облусунда жер тилкесин мыйзамсыз бөлүштүргөн жетекчилерге карата кылмыш иши козголду

Ош жана Баткен облустары боюнча Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Исфана шаарынын мэриясында иштеген кызматкерлер расмий документтер менен 19 жаранга үй куруу үчүн жер тилкесин бергени аныкталган. Мындан сырткары Кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинин Сүлүктү-Лейлек аймактык башкармалыгынын 10 жаранга жеке менчикке өткөрүү боюнча укук бергени белгилүү болгон. Чогултулган материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилип, бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан