Берадор Борбиев КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Өкмөт башчынын башка буйругу менен бул кызматка Зина Исабаева дайындалды. Зина Исабаева буга чейин КРнын Президентинин Аппаратында эксперт-консультант болуп иштеп келген.